запас

запас Реклама менен кирешенди кобойтунуз

12/03/2026
Курска жазылуу үчүн өз номериңизди комментарийге калтырыңыз. Биз сөзсүз байланышабыз!
25/11/2025

Курска жазылуу үчүн өз номериңизди комментарийге калтырыңыз. Биз сөзсүз байланышабыз!

Курска катталууга шашылыңыз! Азыр 70% арзандатуу жүрүп жатат. Ордуңузду бүгүн эле бекитип коюңуз
25/11/2025

Курска катталууга шашылыңыз! Азыр 70% арзандатуу жүрүп жатат. Ордуңузду бүгүн эле бекитип коюңуз

Эгер компьютерди нөлдөн үйрөнгүңүз келсе сиз туура жердесиз.Биздин курстар жаңыдан баштагандар үчүн жеңил, түшүнүктүү жа...
24/11/2025

Эгер компьютерди нөлдөн үйрөнгүңүз келсе сиз туура жердесиз.
Биздин курстар жаңыдан баштагандар үчүн жеңил, түшүнүктүү жана толук негиздер менен өтөт.

Учурда окууға 70% арзандатуу жүрүп жатат!

Катталгыңыз келсе — комментарийге номериңизди калтырыңыз🥰

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендик — жашоого мүмкүнчүлүк чектелгендик эмес…Аяна быйыл 6-классҮй шартында окуйт. Жа...
28/10/2025

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендик — жашоого мүмкүнчүлүк чектелгендик эмес…

Аяна быйыл 6-класс

Үй шартында окуйт. Жакшы сүйлөй албайт жана баса албайт.

Бирок анын акылы, эс тутуму өтө мыкты өрчүгөн.

Экөөбүз компьютерди нөлдөн баштап былтыр кышында үйрөнө баштадык. Текст, фигура, таблица, түстөр менен иштөөнү май айына чейин үйрөнүп бүткөнбүз.

Ошол боюнча Аянада компьютер жок болгондуктан каникул мезгилде такыр кайталоо болгон жок. Быйылкы окуу жылында анын бирин да унутпаптыр.

Кайрадан сабактарыбызды уланттык. Эми болсо мынтип жөнөкөй фигуралардан өзү мыкты сүрөрттөрдү жаратыптыр.

Азыр күнүгө тапшырманы онлайн жиберип турам. Жумасына 2 күн барып үйүндө жаңы темаларды түшүндүрөм.

Буюрса максатым – Аяна келечекте компьютерди мыкты колдонуп, өз оокатын жасап кетүүгө жетишсе дейм.

Аяна менен иштеше турган психологдор болсо жардам сурайм. Кызга бир аз психологиялык жактан сабак, мотитвация керек.

#Кутманай
#аяна

Жумасына бир күнАр күнү иш күндөрү таң эртең саат 6:30дан баштап- мектеп жана жумушка даярдануу- 7:30дан мектепке, жумуш...
19/10/2025

Жумасына бир күн

Ар күнү иш күндөрү таң эртең саат 6:30дан баштап
- мектеп жана жумушка даярдануу
- 7:30дан мектепке, жумушка жөнөө
- андан ары институттагы лекцияларды өтүү
- лекциядан сырткаркы иш-чараларга даярдык, кошумча документ иштерди бүтүрүү менен алектенүү
- 17:30-18 жумуштан чыгуу
- 19:00дө кайра үйгө келүү
- бир саат кечки тамактануу
- 20:30да кечки онлайн сабактар
- 23:00дөн кийин түнкү эс алуу

Күнүмдүк жумуштар менен убакыт аябай тез өтөт.

Кызыма көңүлүмө толо тургандай убакыт ажыратып, аны менен кенен ойногонго жетишпегениме тынчсызданам.

Жумасына бир күн толук кызыма арнаганга аракет кылам. Бул күнү бардык иштерди таштайм, канчалык зарыл болсо да. Бул күнү кызымдын ою менен болуп, анын каалаганын жасап берүүгө, ал каалагандай апа болууга аракет жасайм.

Бул биздин бир күндүк дем алыштагы чыгармачылык жумушубуз.

Бул учурлар тарых (тарыхча) катары ушул жерде сакталып калуусун кааладым.

А сиздерде убакыт кандай?

#убакытучканкуш
#кызым
#Кутманай

📌4 года спустя 📆⏳👣📌4 жыл мурун  ЖАШ МУГАЛИМДЕРГЕ КОЛДОО иретинде билгендеримди жаш мугалимдерге бөлүшүп, бүгүнкү күндөгү...
27/08/2025

📌4 года спустя 📆⏳👣

📌4 жыл мурун ЖАШ МУГАЛИМДЕРГЕ КОЛДОО иретинде билгендеримди жаш мугалимдерге бөлүшүп, бүгүнкү күндөгү аракетимдин алгачкы кадамдарын таштаганмын.

Кудайыма чексиз шүгүр 🙏

✅Бул аралыкта изденүүдөн токтогон жокмун.


✅Өзүмдү ар тараптуу жеке, психологиялык, финансылык, медиа жана санариптик сабаттуулук жаатында тынбай өстүрүп, өнүктүрүп келе жатам.

✅Арада Казакстанга барып атайын бир жумалык окуудан өтүп, Казакстандагы эң алдыңкы мектеп, бала бакча, Н. Назарбаев университетиндеги алдыңкы мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүгү менен таанышып, тажрыйба алып келүүгө жетиштим.

✅Топтоп келген бардык билимдеримди, билгендеримди кесиптештерим менен онлайн, офлайн бөлүшүп келе жатам.

✅Аздыр, көптүр билгеним менен бөлүшүп, кесиптештериме жардамым тийип, аларга аз да болсо колдоо көрсөтө алган болсом - бул менин эң чоң ийгилигим жана жетишкендигим деп билем.

✅Кудайым билгенибизди бөлүшүүгө, айлана чөйрөбүзгө пайда алып келүүгө дагы да көп көп мүмкүнчүлүктөрдү берсин❤️.

Чексиз шүгүр 🙏.

📌4 жыл мурунку сүрөт бир катар 4жыл аралыгындагы күндөрүмдү көз алдыма тартып өттү 🤗

Мени тандап, мага ишенгениңиздер үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем✨, отзывтарды окуп жетишпей жатам😍, чоң ра...
28/06/2025

Мени тандап, мага ишенгениңиздер үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем✨, отзывтарды окуп жетишпей жатам😍, чоң рахмат баарыңыздарга❤️

Address

Бишкек
Bishkek

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when запас posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share